Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын коон жана дарбыздары Казакстандын соода түйүндөрүндө сатыла баштайт

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги менен экспортту уюштурууга көмөк көрсөтүү жана биздин ишканалар тарабынан дарбыз, коонду сатуу үчүн чекене соода түйүндөрүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анын жыйынтыгы боюнча, Казакстан тарап шаарлардын жана райондордун акимдиктери менен макулдашып, Казакстандын ар кайсы шаарларында биздин дыйкандардын продукциясын сатуу үчүн соода жайларын бөлүп берүүгө көмөк көрсөтө турган болду.

Ошондой эле, экинчи тарап дарбыз жана коонду тез импорттоо үчүн “жашыл коридор” берүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул кызматташтык жергиликтүү дыйкандар үчүн продукцияны сатууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык байланышты бекемдөөгө жардам берет.

Казакстанда продукцияны сатуу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

  • Мадиева Бермет Искендеровна – Экспорт жана интеграция боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнун башкы адиси; (байл.т.:+996500270791);
  • Анарбеков Искак Анарбекович – Кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; (байл.т.: +996555346060);
  • А. Абдрашов (байл.т.: +7 702 830 0630)- Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү;
  • Е. Ауэзов (байл.т.: +7 777 123 4177) – Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү.
Show More
Back to top button