Маанилүү жаңылыктар

Коон жана дарбыз түшүмдөрү Россияга экспорттоло баштады

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2242 га аянтка бакча өсүмдүгү эгилген, анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон эгилген.

Бүгүнкү күндө 700 га жерде бакча жыйналып, жалпы дүң жыйым 17500 тоннаны түзүп, гектарынан 250,0 центнерден алынууда, анын ичинен 15929 тонна дарбыз, 1571 тонна коон жыйналды.

Азыркы учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөттүү максатында Россия Федерациясына, Казакстанга сатам деген Аксы районунун дыйкандарына ар тараптан жардам көрсөтүү боюнча жүк ташуучу транспорт менен камсыздоо уюштурулуп, чек аралардан тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана Россия Федерациясындагы, Казахстандагы базарларда сатууга көмөк көрсөтүлүп жаткандыгын министрлик маалымдайт.

Show More
Back to top button