Маанилүү жаңылыктар

Жыл башынан Кыргызстанга 122,3 миң тонна минералдык жер семирткич импорттолду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчү 9 жеке компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүдө жүрүшүндө дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу талкууланып, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен 6 жеке компаниялар меморандум түзүп, кол коюлду.

Белгилей кетсек, 2024-жылга карата дыйкандардын минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы – 286,7 миң тоннаны түзөт.

Анын ичинен:

азоттук – 163,5 миң тонна;

фосфордук – 105,8 миң тонна;

калийдик – 17,2 миң тонна.

Буга байланыштуу 2024-жылдын 03-июлуна карата азот –81,4 миң тонна (камсыздоо 49,8 %), фосфордук – 10,5 миң тонна (38,8 %) жана калийдик – 2,0 миң тонна (11,8 %) ташылып келинди. Бардыгы болуп 122,3 миң тонна (42,7 %) түздү.

Дыйкандардын муктаждыгына жана сатып алуу жөндөмүнө жараша жыл сайын Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтердин төмөнкү түрлөрү алынып келинет жана бүгүнкү күндөгү баалары:

– азоттук жер семирткичтерден – аммиак селитрасы – 24,0 – 33,0 сом, карбамид – 32,0 – 40,0 сом;

– фосфордук жер семирткичтерден – суперфосфат – 20,0-26,0 сом;

– калийдик жер семирткичтерден – калий хлориди – 36,0 сом;

– комплекстүү минералдык жер семирткичтерден – аммофос – 46,0-53,0 сом, диаммофоска – 45,0-55,0 сом,

нитроаммофоска – 42,0-50,0 сомдон сатылууда. Ошондой эле жалбырак аркылуу азыктандыруучу органоминералдык жер семирткичтер да бар.

Эске салса кетсек, республикада минералдык жер семирткичтерди (МЖС) өндүрүүчү завод жок болгондуктан жеке компаниялар тарабынан ташылып келет.

Алар: «Бай Дыйкан» АЧКБсы (КАПУ), «Ак-Суу Трейд» ЖЧКсы, «Негоциант» ЖЧКсы, «Юлита» ЖЧКсы, «Агро Импекс-Юг» ЖЧКсы, «Трейд Агро» ЖЧКсы, «Индустрия Бизнес» ЖЧКсы жана «Тескей Агро» ЖЧКсы.

Ташылып келинген минералдык жер семирткичтерди 80% – Өзбекстан Республикасынан, 15% – Россия Федерациясынан жана калган 5% – Казакстандан келет.

Show More
Back to top button