Маанилүү жаңылыктар

Быйыл Кыргызстанда 8424,1 гектарга дарбыз жана 902 гектарга коон эгилген

Республика боюнча 2024-жылы бардыгы болуп 10190,1 га бахча мунун ичинен: 8424,1 га дарбыз, 902,0 га коон, 849 га ашкабак жана 15,0 га кабачка эгилген.

Ал эми Ош облусунда бахча өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк аянттарын  Араван, Кара-Суу райондорунун дыйкан-фермерлери  өстүрүшөт. Араван районунда бахча-1240,0 га, эгилген мунун ичинен  890,0 га дарбыз, 350,0 га коон ээлейт, Кара-Суу районунда жалпы 1177,0 бахча, анын ичинен 957,0 га арбуз, 131,0 га коон, 89,0 га ашкабак эгилген.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2024-жылы  613 га бахча, анын ичинен 35 га коон, 568 га дарбыз жана 10 га ашкабак эгилген. Ноокен районунда жалпы-559,0 га бахча эгилип,анын 411,0 га дарбыз,139,0 га коон, 9,0 га ашкабак отургузулган. Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2101,0 га бакча эгилип, анын 1850,0 га дарбыз, 251,0 га коон түзөт.

Чүй облусу боюнча  бахча өсүмдүктөрүнүн көөбүрөөк эгилген райондорун белгилесек, Москва районунда  жалпы бачанын аянты-2243,0 га түзүп, мунун 1551,0 га дарбыз, 151,0 га коон, 541,0 га ашкабак эгилсе, Жайыл районунда 841,0 га дарбыз, 1,0 ашкабак эгилген, ал эми Сокулук районунда 370,0 га дарбыз, Аламедин районунда жалпы 329,0 га бахча, анын ичинен 275,0 га дарбыз, 43,0 га коон, 11,0 га ашкабак эгилген.

Учурда бахча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери Ош облусунун Араван, Жалал-Абад облусунун Аксы,  Базар-Коргон, Ноокен райондорунда кызуу жүрүп жатат. Дарбыз аталган райондордун жергиликтүү  базарларында 1 кг дарбыздын дүң баасы 10-17 сомдон, чекене баасы 20-30 сомдон  жана сырткаркы базарларда да 35,0 сомго чейин сатылып жатат.

Ал эми, Ош, Чүй  облустарынын калган райондорунда бахча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери июль айларында башталышы болжолдонууда.

Белгилей кетсек, 1 га дарбызды өстүрүп, сатууга орточо 110 миң сомдон 170 миң сомго чейин акча каражаты сарпталууда.

1 кг дарбыздын нарк баасы:

1 гектардан 250,0-400,0 центнерден түшүм жыйналса, 170000 сом акча каражаты жумшаса, анда 170000 сом : 40000 кг = 1 кг дарбыздын нарк (себестоимость) баасы 4 сом 25 тыйынды түзүүдө.

Орточо 1 гектардан 25 – 40 тонна дарбыз өндүрүлүп, орточо 10 сомдон сатылса,  жалпы 400 миң сом түшүп, анын 230 миң сомго чейинкиси таза киреше кириши  болжолдуу күтүлүүдө.  

Экспортко кетирүүгө көлөмдөр:

Дарбыз – 37-40  миң тонна;

Коон – 10-15 миң тонна.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн дарбызды жана коонду экспорттоо мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан жакынкы чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Атап айтканда, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн дарбызды экспорттоого бир катар талаптарды койду, ошондой эле, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги өз тарабынан Казакстан Республикасынын рынокторунда сатуу түйүндөрүн уюштурууга милдеттенди, ошону менен бирге Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арадан тез бузулуучу продукцияларды тоскоолдуксуз экспорттоо үчүн жашыл коридор боюнча өткөрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Ал талаптардын бири товар сатылып бүткөндөн кийин эсептешүү ыкмасын келтиришүүдө.

Show More
Back to top button