Маанилүү жаңылыктар

Тогуз-Тородо тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын колдонуу боюнча окуу семинар өттү

Тогуз-Торо районун Казарман айылында айыл чарба кооперативдерин түзүү, ишин уюштуруу, тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын колдонуу, сугат системасына жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча окуу семинары өттү.

Семинардын ачылышына Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.М. Мураталиев катышты.

Ошондой эле, “Айыл чарба кооперативдеринин ишин уюштуруу, тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын колдонуу жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча кененирек Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар Департаментинин директору Н.Ж. Кожогулов маалымат берди.

Ал эми Нарын районун “Нур” кооперативинин башчысы Нурбек Мусалиев жана Сузак районун “Бейли” кооперативинин башчысы Кудайберген Жуманазаров “Айыл чарба кооперативдерин түзүү, максаты жаны багыт боюнча сөз кылды.

Буга кошо семинарда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу боюнча практика түрүндө көрсөтүлдү.

Show More
Back to top button