
Бүгүн, 2024-жылдын 1-июлдун саат 11:00 карата табигый кырсык катталган Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынан дагы 2 баш жылкынын өлүгү табылган. Өлгөн мал атайын казылган чуңкурга көмүлүп, зыянсыздандыруу иштери бардык ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жүрдү. Тиешелүү адистер тарабынан дагы тактоо иштери уланууда, кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин 2024-жылдын 28-июнунда Ноокат районунун аймагына нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен, Н.Исанов айыл аймагынан 3 баш ири мүйүздүү мал, Кеңеш айыл аймагынан 3 баш ири мүйүздүү мал, Мирмахмудов айыл аймагынан 1 баш ири мүйүздүү мал, Гулистан айыл аймагынан 2 баш ири мүйүздүү мал, 15 баш майда жандык (кой-эчкилер), Жаңы-Ноокат айыл аймагынан 5 баш ири мүйүздүү мал, Көк-Жар айыл аймагынан 4 баш ири мүйүздүү мал, Кулатов айыл аймагынан 10 баш ири мүйүздүү мал, жалпы 45 баш мал жандыктын өлүктөрү табылып ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын чуңкурчаларга ташталып залалсыздандырылган болчу.
Ноокат райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынын 8 инспектор, 12 ветеринардык адис, 6 автоунаа тартылган.


