
Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук сортун сыноо участогунун базасында Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө арналган жана Талас облусунун Бакай-Ата сорт сыноо участогунун базасында төө буурчак өстүрүүгө арналган талаа күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлдөрү, Бакай-Ата районунун акими, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору, үрөн чарбаларынын, райондук карантин кызматынын өкүлдөрү, РАӨБ, фермерлер катышты.
Иш-чарада төмөнкү өсүмдүктөр боюнча сыноолор жүргүзүлүүдө: күздүк буудай – 38 сорт сыноо, күздүк арпа – 9 сорт сыноо, күздүк тритикале – 8 сорт сыноо, жаздык буудай – 10 сорт сыноо, жаздык арпа – 16 сорт сыноо, жаздык арпа – 4 сорт сыноо, жүгөрү – 52 сорт сыноо, кант кызылчасы – 16 сорт сыноо.
Анда Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехнологиялары, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциядагы Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору жана гибриддери сыноодо көрсөтүлдү.
Ал эми Бакай-Ата сорт сыноо участогунда төмөнкү өсүмдүктөр боюнча сыноолор жүргүзүлүүдө: күздүк буудай – 37 сорт сыноо, күздүк арпа – 8 сорт сыноо, күздүк тритикале – 6 сорт сыноо, жаздык буудай – 10 сорт сыноо, жаздык арпа – 16 сорт сыноо, жаздык арпа – 4 сорт сыноо, жүгөрү – 15 сорт сыноо, кант кызылчасы – 16 сорт сыноо, төө буурчак – 12 сорт сыноо.
Мындан тышкары, катышуучуларга Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн бардык сортторунун (буудайдын 250дөн ашык сорту, арпа, тритикле ж.б.) коллекциясы себилген участок көрсөтүлдү.








