Маанилүү жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда жупсуз жибек курту менен күрөш жүргүзүлүп жатат

Жупсуз жибек курту (непарный шелкопряд) өсүмдүктөрдүн 300дөн ашык түрүн, же дээрлик бардык жалбырактуу дарактарды, кээ бир ийне жалбырактуу дарактарды жана бадалдардын көптөгөн түрлөрүн жабыркатуучу полифаг зыянкеч. Зыянкеч артыкчылык берген өсүмдүктөрдүн түрлөрү – эмен, кайың, терек, тал, кара өрүк, алма болуп саналат.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы мамлекеттик фонддун Аксы токой чарбасынын “Иринжит” бөлүмүндө 14 га аянтта (Кой-Таш токой бөлүмүндө – 8 га, Күрпсай токой бөлүгүндө – 6 га) долоно (боярышник) жана мисте бадалдарына түшкөн жупсуз жибек куртуна каршы “Акторофит 1,8” биологиялык препараты чачылган, жана бүгүнкү күндө таасири жакшы.

Ал эми Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Бөдөлдү токой аянттары мамлекеттик токой фондуна кирбегендигине байланыштуу, күрөшүү иштери токойду ижарага алган ишкерлердин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Күрөшүү чаралары;

Биологиялык ыкма: Өсүмдүктөргө Лепидоцид биологиялык пестицидин чачуу. Трихограмма энтомофагын коё берүү.

Химиялык ыкма: Күрөшүүдө колдонулуучу инсектициддер.

Вегетация учурунда Хлорпирифос+циперметрин (Нурелл-Д), Лямбда-цигалотрин (Каратэ), Бифентрин (Талстар), Циперметрин (Арриво) ж. б. инсектициддерди чачуу сунушталат.

Show More
Back to top button