Маанилүү жаңылыктар

Жакында республика боюнча 6 жаңы мал базар ишке берилет

Республиканын ар аймагында 6 жаңы мал базар курулуп жатат. Алар – Кочкордо 1, Лейлекте 1, Ноокенде 1, Сокулук 1, Кадамжайда 2. Бул объектилердин курулуш иштери жакынкы күндөрү аяктап, ишке берилет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал базарлардын саны 15 болсо, ал эми 29 мал базарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button