Маанилүү жаңылыктар

25-июнга карата айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноо жумуштары боюнча маалымат

Жер-жерлерде дан оруп жыйноочу комбайндардын маршруттары аныкталып, түшүмдүн оруп жыйноо графиги иштелип чыгып, республиканын башка региондорунан дан оруп жыйноочу комбайндарды тартуу боюнча уюштуруу иштери жүрүүдө.

Айыл чарба техникаларынын даярдыгы жана КММ менен камсыздалышы.

Оруп жыйноо үчүн учурдагы айыл чарба техникаларын даярдоо аяктоодо. Отчеттук датага карата республика боюнча 1950 комбайндын ичинен 1494 даанасы, башкача айтканда, 77,0% даярдалган. Ошол эле учурда, Баткен, Чүй облустарынын чарбаларында комбайндардын 87-90 %, иштөөгө даяр, ал эми Ош облусунда 85% даяр болсо, Талас, Жалал-Абад облустарында 76-83%, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 51-58 % даярдалган.

Буга кошо Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 жакын дан комбайндары катышууга даярдалган, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылат. Ал эми 2024-жылы 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түздү.

Республиканын нефтетрейдерлердин берген маалыматына ылайык, дыйкан-фермерлердин күйүүчү майлоочу майларга болгон керектөөсүн өз убагында касыз кылуу боюнча баардык нефтебазаларда жана май куюучу станцияларында керектүү көлөмдөгү запасы бар.

Мындан сырткары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан дизельдик отунду базар баасынан төмөн баада үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында “Red Petroleum” компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде  республика боюнча 5,999 млн литр дизель отунун дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада 65 сомдон берилип жатат.

Быйылкы жылы аба-ырайынын катаал шарттарына карабай, өз учурунда мамлекеттик колдоонун көрсөтүлүшү, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө оң таасирин көрсөттү.

Учурда Ош облусунун Араван, Баткен облусунун, Баткен  Кадамжай райондору, ошондой эле Жалал-Абад обдусунун Базар-Коргон, Сузак райондорунда республикада биринчилерден болуп кылкандуу дан-эгиндерин оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат.

Ошону менен бирге облустун Аксы, Ноокен райондорунда кылкандуу дан-эгиндерин оруп-жыйноо иштери жаңы башталды.

Show More
Back to top button