Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө дыйкандарга 614 даана ар түрдүү айыл чарба техника лизингге берилди

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСти кайра куралдандыруу, өндүрүштүк негизги каражаттарды жаңыртуу, техникалык тейлөө кызматтарынын инфраструктурасын кеңейтүү жана айыл чарба субъекттеринин машина-трактор парктарын модернизациялоо максатында, айыл чарба техникаларын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн, 2011-2023-жылдары КР Министрлер Кабинети жана КР Айыл чарба министрлиги тарабынан 9 кредиттик линия аркылуу демилгеленип, ишке ашырылууда:

Мамлекеттик лизинг 1; 2; 3; 4; 5; 6 жана ЕАБР долбоору – 1, 2.

Аталган долбоорлордун аткаруучу оператору катары ААК «Айыл Банк» иш алып барат. Бул лизингдик долбоорлордун алкагында республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бардык түрдөгү айыл чарба техникалары жана жабдуулары, жаан-чачындуу сугат машиналары жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу жабдуулары жеңилдетилген шарттарда, 10 жылдык мөөнөткө 6% жылдык пайыздык чен менен берилет.

Техниканы лизингге берүү долбоорлорунун ишке киришкен күндөн баштап, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жалпысынан 16 млрд сомго 6528 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген, анын ичинде 2024-жылы 2,4 млрд сомго 614 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген.

Show More
Back to top button