Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча сугат иштери жүргүзүлүүдө

2024-жылдын 24-июнуна  карата сугатка суу берүү план боюнча 2589,2 млн.м3 болсо, иш жүзүндө 1954,9 млн.м3 же болбосо 76%га аткарылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 81,1 млн.м3 аз.

Баардык сугарылган аянт план боюнча 1583,8 миң га болсо, иш жүзүндө 1133,0 миң га түзөт. Республика боюнча биринчи сугат менен 684,8 миң гектар сугарылса, анын ичинен: дан эгиндери – биринчи сугаты 112,6 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 200,1 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 77,464 миң га, мөмө жемиш бактары – биринчи сугаты 36,55 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 136,4 миң га, күрүч – биринчи сугаты 11,518 миң га, төө буурчак – биринчи сугаты 23,1 миң га, май өсүмдүктөрү– биринчи сугаты 3,8 миң га аянты сугарылган.

Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 263,24 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 251,2 млн.м3, план 95% аткарылган. Бардык сугарылган аянт план боюнча 184,9 миң га болсо, иш жүзүндө 165,5 миң га же болбосо 89% аткарылган.

Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 4,344 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 5,723 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 10,403 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 5,616 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 12,43 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 14,938 миң га.

Ош облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 430,01 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 325,9 млн.м3, план 76 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 276,9 миң га болсо, иш жүзүндө 209,6 миң га же болбосо 76 % аткарылган.  Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 9,85 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 24,43 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 4,75 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 27,78 миң га.

Жалал-Абад облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 412,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 321,0 млн.м3, план 78 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 242,9 миң га болсо, иш жүзүндө 189,6 миң га же болбосо 78 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 12,1 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 18,8 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 24,3 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 28,6 миң га.

Ысык-Көл облусу  сугатка суу берүү планда 266,1 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 229,2 млн.м3, план 86 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 142,4 миң га болсо, иш жүзүндө 122,2 миң га же болбосо 86 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 19,33 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 43,16 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 6,473 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 6,52 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 16,39 миң га.

Нарын облусу боюнча сугатка суу берүү планда 359,9 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 294,6 млн.м3, план 82 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 164,8 миң га болсо, иш жүзүндө 112,0 миң га же болбосо 68 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 11,16 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 59,29 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 6,282 миң га,

Чүй облусу боюнча сугатка суу берүү планда 549,948 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 302,6 млн.м3, план 55 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 410,0 миң га болсо, иш жүзүндө 221,6 миң га же болбосо 54 % аткарылган.   Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 44,86 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 54,6 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 18,145 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 7,056 миң га, малина- биринчи сугаты 0,94 миң га, кулпунай – биринчи сугаты 1,846 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 24,01 миң га.

Талас облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 308,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 230,4 млн.м3, план 75 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 161,8 миң га болсо, иш жүзүндө 112,5 миң га же болбосо 70 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 10,9 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 18,5 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 1,9 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 4,9 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 2,7 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 18,4 миң га.

Show More
Back to top button