Маанилүү жаңылыктар

Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү боюнча система иштелип чыгат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментинин демилгеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Жергиликтүү деңгээлде жайыттардын абалын баалоо методикасы” менен тааныштыруу максатында иш-чара өттү.

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кененбаева, КМЧИИИнун адистери, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасынын директору, ФАО, CAMP Alatoo, GIZ эл аралык уюмдары катышты.

Бул иш-чаранын максаты, жайыт мониторинг системасынын сунушталган моделинин иштешин эксперттик талкуулоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкүдөй презентациялар жасалды:

– Жергиликтүү деңгээлде жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча бирдиктүү методологияны иштеп чыгуу;

– жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча колдонмо;

– NDVI аркылуу жайыттардын абалын баалоо;

– жайыт абалынын мониторингинин маалымат базасы;

– сунушталган жайыттардын мониторингинин маалымат агымынын схемасынын долбоору жана ошондой эле жайыттарга мониторинг жүргүзүү боюнча иштелип чыккан инструкцияга жана жайыттардын абалы боюнча бирдиктүү маалымат базасына ылайык, КР нын мамлекеттик милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча ченемдик укуктук актылардын, улуттук саясаттын жана эл аралык келишимдердин аналитикалык отчету.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү баса белгилешти:

– Акыркы колдонуучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен методологияны иштеп чыгуунун жана аны мыйзам менен бекитүүнүн маанилүүлүгү;

– мониторинг жүргүзүү үчүн жергиликтүү деңгээлде кадрлардын потенциалы;

– бирдиктүү системалык методологияны иштеп чыгуу;

– алыстан зонддоо маалыматтарын текшерүү үчүн ресурс катары сунушталган системанын пайдалуулугу.

Show More
Back to top button