Маанилүү жаңылыктар

Төрөбаев: “Мөмө-жемиш экспортун 1 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлган”

Бүгүн, 19-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кыргызстандын мөмөлөрү: 1 миллиард долларлык биринчи экспорттук продукт” аттуу республикалык форумга катышып, өлкөдөгү өндүрүлүп жаткан мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, жаңы технологиялык шарттарды пайдалануу тууралуу маселелерге токтолду.

Форум “Мөмө” ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү, Улуттук инвестициялык агенттиктин, Соода-өнөр жай палатасынын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын, бизнес секторунун, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, фермер-дыйкандар катышты.

Министр Бакыт Төрөбаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө экологиялык жактан таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүүгө артыкчылыктар берилерин белгиледи.

“Акыркы убакта эл аралык рынокто кыргыз мөмөсүнө болгон кызыгуу бир топ өскөнүн байкадык. Келечекте мөмө-жемиш экспортун 1 миллиард долларга жеткирүү максатын көздөп жатабыз. Бул амбициялуу максаттарга жетүү үчүн сапатту көчөт, жаңы инновациялык технологияларды пайдалануу, кайра иштетүү ишканаларын, логистика, муздаткыч агрегаттарды куруу, фермерлер менен адистерди окууту жаатында билимге өзгөчө маани берүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзүү, заманбап тамчылатып сугаруу системаларын жигердүү ишке киргизүү зарыл. Бүгүнкү форум тажрыйба, билим жана идеяларды алмашуу үчүн эң сонун аянтча болоруна ишенем”, – деп билдирди Төрөбаев. 

Форумдун алкагында малина, карагат, черника жана кулпунай өстүрүүчүсү, Америкадагы прикладдык айыл чарба изилдөө жана мөмө өндүрүү боюнча адис, 40 жылдык тажрыйбасы бар агроном профессор Мигель Хермес Ахумада мөмө-жемиштерди туура өстүрүү багытында семинар өттү.

Show More
Back to top button