Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан Кытайга ири көлөмдө өрүктү экспорттойт

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары М.И. Дүйшеев менен “Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd” компаниясынын башкы директору Чу Цюши жана “Агро Баткен” ЖЧКсынын башкы директору Ж. Шакировдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан Кытайга дарбыз жана бакча-жемиш продукцияларын экспорттоо боюнча кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жолдорун карап чыгып, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз-кытай ишканаларынын бизнес байланыштарын бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты. Жолугушууда продукциянын сапатын камсыз кылуу жана бардык зарыл эл аралык стандарттарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd” компаниясы менен “Агро Баткен” ЖЧКсынын ортосунда Кытайга ири көлөмдө өрүк жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду, бул айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун жогорку потенциалын көрсөтөт.

Show More
Back to top button