Маанилүү жаңылыктар

Быйыл 5 айда ЕАЭБдин реестрине 41 ишкана кирди

2024-жылдын 5 айында Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди. Жалпылап алганда учурда Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестринде 395 ишкана бар.

ЕАЭБдин реестринде катталган ишканалар:

сүт азыктарын өндүрүү – 44,

бал өндүрүү жана сатуу – 67;

балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;

эт азыктарын өндүрүү – 21;

улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;

мал союучу ишканалар – 11;

тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;

канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар -10;

жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;

жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 122;

жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 13;

ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.

Буга кошо Кытай Эл Республикасынын реестринде- 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбек Республикасынын реестринде – 42 ишкана ( 17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары) бар. Ошондой эле, Түркия мамлекетинин реестрине – 12 ишкана кирген.

Show More
Back to top button