Маанилүү жаңылыктар

Жазга айдап себүү үчүн дыйкандарга 35 млн. сомго үрөн таратылды

2024-жылдын жаздык айдап себүүсүн толук кандуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамынын негизинде, 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары менен мамлекеттик дотацияга 41 келишим түзүлдү.

Дотацияга коюлган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 4103,27 тоннаны жана түзүлгөн келишимдин жалпы дотациялык суммасы 55,75 млн сомду түздү.

анын ичинен:

-жаздык буудай 1033,75 тонна

-жаздык арпа 2715 тонна

-жүгөрү 91,0 тонна

-беде 18,52  тонна

– пахта 42,5 тонна

– эспарцет 7,5 тонна

– картөшкө 195,0 тонна

Бүгүнкү күндө түзүлгөн келишимдердин негизинде республиканын дыйкан жана фермерлерине 2852,3 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү 35,39 млн. сомго таратылды.

Анын ичинен буудай 419,80 тонна 4,7 млн. сомго, арпа 2266 тонна, 25,1 млн. сомго, жүгөрү 20,86 тонна, 1,87 млн. сомго, эспарцет 7,5 тонна 246,6 миң сомго, кара беде 17,6 тонна, 1,8 млн. сомго, пахта 3,4 тонна, 99,4 миң сомго жана картөшкө 116,9 тонна, 1,53 млн. сомго таратылды. Жалпысынан 2010 дыйкан, фермерлер дотация аркылуу үрөн алышкан.

Show More
Back to top button