Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

2024-жылдын 13-июнуна карата Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 487,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 472 гидротехникалык курулмалардын, 186 суу өлчөөчү посттордун, 112 насостук станциялардын, 193 насостук агрегаттын оңдоо, 13 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 9 суу топтоочу курулмалардын (3 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 55,4 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылууда.

2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары 2024-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары 2024-жылдын 10-майына карата бүткөрүлүп, учурда суу пайдалануучулардын өтүнмөсүнүн негизинде сугат суу берилүүдө.

Show More
Back to top button