Маанилүү жаңылыктар

Жайыт чөптөрүн сатып алууга кайрадан конкурс жарыяланды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти тарабынан 2024-жылга карата 30 000 гектар кунарсыз жайыт аянтын жакшыртуу үчүн 295 714 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү планы коюлган.

Жайыт чөптөрүн сатып алуу боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс жарыяланып, жыйынтыгында ИП Голенков Александр Иванович эки лот боюнча жеңүүчү деп табылып, 102144 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүнө 27 628 617 сомго келишим түзүлгөн.

Ал эми калган 193 570 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына 240607448920861 номурлуу ачык конкурс кайрадан жарыяланды.

Конкурстун шарттары жана талаптары боюнча кеңири маалымат менен Мамлекеттик сатып алуулар порталынан http://www.zakupki.gov.kg/popp/ шилтемеси аркылуу таанышып, өндүрүүчү компаниялар жана чарбалар тиешелүү сунуштарын жөнөтсө болот.

Show More
Back to top button