Маанилүү жаңылыктар

5 айда 360,7 миңден ашуун мал жандык идентификациялоодон өткөрүлдү

2024-жылдын 5-айында Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын (ЖИКС) маалыматтык базасында 2 231,0 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,3 миң баш чочко, 508,1 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт.

Андагы маалыматка ылайык, 2024-жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 349,8 миң баш ири мүйүздүү мал, 3,5 миң баш чочко, 10,4 миң баш жылкы идентификациядан өткөн.

Ал эми топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасында 145 үй канаттуулар фермасы, 996 аары багуучу чарбада 99,3 миң аары бал челектер, 418 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Буга кошо 2024-жылы өлкө боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондору пилоттук райондор катары аныкталган. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 125,1 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлүп, жалпысынан план 41% аткарылды.   

Show More
Back to top button