Маанилүү жаңылыктар

Алтыгана-карагана бадалы менен күрөшүүдө Улуттук илимдер академиясы тоскоолдук жаратууда

          Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү иштеринин жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги  жүргүзүп жаткан иш аракеттерине, Улуттук илимдер академиясы каршы пикирин билдирип, экологияга зыяны тиет жана  министрликке чоң суммадагы айып пул салынат, – деп оң  корутунду бербей, тоскоолдук жаратууда.

            Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү   боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия күрөшүүнүн ыкмаларын талкуулап, анын ичинен механикалык ыкманы пайдаланууну сунуштаган. Себеби,  механикалык ыкманы колдонуу аркылуу алтыгана менен күрөшүү экологиялык коркунучка алып келбейт. Мульчер техникасы менен тазаланган жайыт аянтына жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү мүмкүнчүлүгү да бар.

          Учурда  Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы  Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана (карагана) бадалын, анын айлана-чөйрөсүн изилдөө иштери  жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, эксперттик корутунду  2024-жылдын ноябрь айынан кийин берилээрин  билдирип, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кат жолдогон (чыг.№01-02/153, 14.05.2024-ж).

  Улуттук Илимдер Академиясынын алтыгана (карагана) бадалы баскан жайыт аянттарына изилдөө иштерин жүргүзүп  жыйынтыгын чыгаруу жумуштары кечиктирилип жаткандыктан  Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана (карагана) бадалы менен комплекстүү күрөшүү иштери токтотулуп турат.

Show More
Back to top button