Маанилүү жаңылыктар

Министр Төрөбаев: Малдын асылдуулугун арттыруу учурдун орчундуу талабы

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган Сокулук районундагы “Чабрец” фермердик асыл тукум заводу менен “Дана Агро” дыйкан чарбаларында болуп, селекциялык, технологиялык жана малдын асылдуулугун арттыруудагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө импортту алмаштыруу, эл аралык стандарттарды жана алдыңкы технологияларды киргизүү менен асыл тукум малдын продукциясынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.

Ошондой эле фермерлерге асыл тукум иштерин уюштуруу, малды тоюттандыруу боюнча семинарларды өткөрүү, мал чарбасына санариптик технологияларды киргизүүнүн артыкчылыктуу жактары практикалык кейстердин негизинде каралды.

Иш-чаранын соңунда асыл тукум чарбалары туш болгон айрым көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү, малдын асылдуулугун арттыруу, жасалма уруктандырууда жетишкен тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн “Чабрец” менен “Дана Агронун” базасында практикалык семинарларды уюштуруу маселеси макулдашылды.

Айта кетсек, “Чабрец” фермердик асыл тукум заводунун ишмердүүлүгү ири мүйүздүү малдын голштино-фриз жана швиц породаларынан сүт, койдон эт-май өндүрүүгө багытталган. Анда голштино-фриз, швиц, абердин-ангусс жана гиссар өңдүү пародадагы асыл тукум мал багылат. Чарбанынын материалдык-техникалык базасы 18 гектар жер, 4 эгин оруучу комбайн, 23 трактор, 10 автоунаа жана башка 36 техникалык каражаттардан турат.

Ал эми “Дана Агродо” болсо голштино-фриз, симментал породасындагы уйлар багылат.

Show More
Back to top button