Маанилүү жаңылыктар

Жер кыртышын бузгандыгы үчүн 1 млн 718 миң 613 сом өлчөмүндө доо эсептелинди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну козөмөлдөө боюнча кызматы Чүй облусунун Сын-Таш айыл аймагына караштуу Туюк-Кайрак коктусунда жайгашкан 7020,48 чарчы метр жайыт жерин А.А.П. аттуу жаран мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгын аныктады.

Тактап айтканда, эч кандай уруксат иш кагаздары жок жер кыртышын бузуп, жайыт жерге кум, шагыл майдалоочу атайын техникаларды орнотуп иштетип келген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин  241 жана 239-беренесинин негизинде айып салынды жана жер кыртышын бузгандыгы үчүн 1 млн 718 миң 613 (бир миллион жети жүз он сегиз миң алты жүз он үч) сом өлчөмүндө доо эсептелинип берилди. Ошондой эле акт толтурулуп, 10 күн ичинде бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук берилди.

Берилген эскертмелердеги талаптарды аткарбаган учурда мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлүп, укук органдарына өткөрүлүп берилет.

Show More
Back to top button