Маанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: “Элетте жаңы заманбап технология менен салынган ишканалар ачылып жатканы үлгү”

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тоң районундагы министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн аткарган иштери менен таанышты. Бул багытта Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси райондогу жасалып жаткан суу, айыл чарба, кайра иштетүү багытындагы иштер боюнча кеңири маалымдама берди. 

Көчмө жыйын Тоң райондук админстрациясында өтүп, иш чарага Суу ресурстары кызматынын директору – министрдин орун басары Алмазбек Сокеев,  министрликтин тиешелүү жетекчи адистери,  Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана райондун алдыңкы фермер-дыйкандары, ишкерлер катышты.

Министр Бакыт Төрөбаев учурда президент Садыр Жапаровдун, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ирригация, кайра иштетүү өнөр жайы тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип, айыл чарба багытындагы алгылыктуу долбоолорду колдоого артыкчылык берилерин баса белгиледи. 

Мындан улам, Министр Төрөбаев министрликтин райондук тиешелүү жетекчилерине суу, ирригацияны жөнгөн салуу, чакан кайра иштетүү өнөр жайларын куруу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу көчөтүн отургузуу, асыл тукум малды өстүрүү, экспортко чыгарылчу товарлардын көлөмүн арттыруу, соода-логистикалык борборлорду куруу, дыйкандарга айыл чарбасындагы болуп жаткан жаңылыктар, жетишкендиктер, заманбап технология боюнча окуу-программаларды үзгүлтүксүз өткөрүп, билим менен практиканы айкалыштуруу жаатында бир жылда кандай иштерди аткаруу зарылдыгы тууралуу тапшырма-милдеттемелерди койду. Кийинки жылы мына ушул 5 багыттагы критерийлердин негизинде кызматтык ишмердүүлүктөрүнө баа берилерин айтты.

Ошондой эле, жумушчу сапардын алкагында Бөкөнбаев айлындагы ишкер Рахат Жунушбаева ачкан кийим тигүүчү “Бугу” цехинин ишмердүлүгү менен таанышты.

Акыркы жаңы үлгүдөгү заманбап технология менен жабдылып салынган “Бугу” кийим тигүү ишканасына салынган инвестициянын суммасы 35 миллион сомду түзөт. Ишканада 200 иш орун түзүлгөн. Айлык маяналары 40 миңге жетет. Өндүрүш кубаттуулугу айына 50 миң буйрутмаларды чыгарууга жөндөмдүү.

Ишканын жетекчиси Рахат Жунушбаева, чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн буйрутмалар көп болуп жатканын, тилекке каршы, тигүүчү кызматкелердин жоктугунан мөөнөтүндө буруйтмаларды тигип үлгүрө албай калуу коркунучунан улам, тапшырыктарды алуудан карманып жатканын билдирди. Учурда ишканда дээрлик 70% орун бош турат.

Министр Бакыт Төрөбаев “жаңы заманбап технология менен салынган ишканалар элетте ачылып жатканы үлгү” экенин белгилеп, мамлекет ишкерлерди ар дайым колдоорун, кандайдыр бир тиешелүү көмөк зарыл болсо жардам көрсөтүлөрүн айтып, ишкер Рахат айымдын ишине ийгилик каалады.

Show More
Back to top button