Маанилүү жаңылыктар

Министр Баткендин айыл чарбасынын беш багытын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу иш сапары менен Баткен облусунда болуп, маанилүү бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Иш сапардын алкагында Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилеринин ишмердүүлгүнүн отчётун укту.
Өз ишмердүүлүктөрү боюнча аймакта кандай алгылыктуу иштер аткарылып, алдыда кандай максат-программаларды жүзөгө ашыруу аракеттери көрүлүп жатканын Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери кеңири маалымат беришти.
Министр Бакыт Төрөбаев Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу максатында “Баткен облусун 2021-2035 жылдары өнүктүрүү программасын” ишке ашыруу боюнча, президент Садыр Жапаровдун, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасынын алкагында аталган аймакка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Мындан улам, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерин суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, үрөндөрдүн, көчөттөрдүн жана асыл тукум материалдарын сапаттарын жакшыртууга, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен соода-логистикалык борборлорду түзүүгө, экспорттун көлөмүн арттырууга, тармакта кесипкөй адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурушу керектигин баса белгиледи. Мына ушул беш тармак боюнча жигердүү аракеттерди көрүү боюнча бир катар милдеттеме, тапшырмалар берилди.

Show More
Back to top button