Маанилүү жаңылыктар

Министрлик пияз өндүрүүчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев пиязды экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Аталган жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигин өкүлдөрү, ошондой эле, коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында пияз үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды.

Учурда Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын рыногунда пияздын баалары төмөн болуп жаткандыктан Кыргызстанда өндүрүлгөн пияздын быйылкы түшүмүн сатууда көйгөй жаралып жаткандыгы белгиленди.

Пияздын өздүк наркы 1 кг 12-13 сомдон болуп жаткандыгын дыйкандар айтышты. Мисалы Россия Федерациясында пияздын 1 кг баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар Россияга жеткирүү үчү орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда.

Аталган маселени чечүүгө жардам берүү боюнча пияз экспорттоочулар министрликке кайрылышты.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.  

Show More
Back to top button