Маанилүү жаңылыктар

Кытайга өрүк жана шабдалы жемиштерин экспортоого мүмкүнчүлүк түзүлөт

Кыргызстандын өрүк жана шабдалы жемиштерин Кытай Эл Республикасына экспортоо боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда “Өрүк жана шабдалы жемиштерине фитосанитардык талаптар жөнүндө” протоколу даярдалууда.

Экспорттолуучу өрүк (Prunus armeniaca) жана шабдалы (Prunus persica) мөмөлөрү, Кытай Эл Республикасынын талаптары боюнча, ден соолук жана коопсуздук стандарттарына жана фитосанитардык талаптарга жооп бериши зарыл.

Кыргызстандагы өрүк жана шабдалы мөмө-жемиштерин өндүрүлүп жаткан бактар жана сактоочу, таңгактоочу жайлар Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын адистери тарабынан текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча, экспорттоого уруксат алынган бактардын реестри түзүлөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлиги, өрүк жана шабдалыны экспорттоо менен алектенген бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрдү маалымдоо менен, аларды тыгыз кызматташууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

Бишкек ш., Киев көчөсү, 96 «б», Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин Департаментинин өсүмдүктөрдүн тышкы карантини бөлүмү, тел: 0312 620292, 0312 620842.

Show More
Back to top button