Маанилүү жаңылыктар

Дыйкандарга жогорку кирешелүү жана экспортко багытталган помидорлорду өстүрүү көрсөтүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин 2024-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруунун максатында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Томат KG” үрөнчүлүк чарбасынын базасында иш-чара болуп өттү.

Анда 465 гектар аянтка кайра иштетүү үчүн помидордун жаңы сортторун өстүрүүнүн алдыңкы технологиялар көрсөтүлдү. Катышуучулар күнөсканада көчөттөрдү өстүрүүдөн баштап, заманбап айыл чарба техникаларын жана жабдууларын колдонуу менен талаага көчөт отургузууга чейинки агротехнологиялык процесси боюнча толук маалымат алышты.
“Томат KG” ишканасы Кыргызстандагы томат пастасын чыгарган ири жана заманбап ишканалардын бири. Ишкананын продукциялары SGS (FSSC 22000), ЕАЭС ТР ТС 021/2011 эл аралык стандарттарына ылайык сертификацияланган жана HACCP талаптарына ылайык өндүрүлөт. Бардык өндүрүлгөн продукция тышкы базарларга экспорттолот.

Аталган чарба өзүнүн бардык талаптарын сактоо шартында айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен үзгүлтүксүз фьючерсттик келишимдерди түзүүгө кызыкдар экендигин билдирет.

Show More
Back to top button