Маанилүү жаңылыктар

Чегирткелерге каршы биопестициддерди колдонуу боюнча демонстрация өткөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти БУУнун ФАО “Кавказда жана Борбордук Азияда чегирткеге каршы улуттук жана аймактык күрөштү өркүндөтүү боюнча” программасынын алкагында чегиртке зыянкечтерине каршы биопестициддерди колдонуунун улуттук демонстрациясы өткөрүлдү.

Демонстрациянын практикалык бөлүгү Чүй облусунун Панфилов районунда Новакрид биопестициди менен жүргүзүлдү. НОВАКРИД – контакттык биоинсектицид, Metarhizium acridum козу-карындын негизинде.

Бул өтө төмөн дозадагы активдүү продукт, химиялык пестициддерге салыштырмалуу бирдей эффективдүүлүгү жана узак мөөнөтү (6 жумага чейин) бар. НОВАКРИД имаголорго, личинкаларда жана жумурткаларда активдүү. Ал айлана чөйрө үчүн коопсуз, ошондой эле адамдарга, жаныбарларга, жана башка өсүмдүктөргө зыянсыз.

Демонстрация Өзбекстандан, Казакстандан келген эскперттер жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button