Маанилүү жаңылыктар

Үч жыл аралыгында өлкөгө 20 миңден ашык айыл чарба техникалары алып келинген

Акыркы жылдары республикада айыл чарба техникаларынын саны өсүүдө. 2023-жылдын соңунда өткөрүлгөн айыл чарба техникаларынын инвентаризациясынын жыйынтыгы менен республика боюнча бүгүнкү күндө 80 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен тракторлор 21470 даана, дан комбайндары 1960 даана, соколор 10752 даана, үрөн сепкичтер 3030, чөп чапкычтар 3487 даана, прессподборщиктер 2371 даана, тырмоолор 1377 даана, үрөн тазалагычтар 740 даана, трактор чиркегичтери 9091 даана жана башка техникалар. 2023-жылы Бажы кызматынан алынган маалыматтар боюнча 7 миңге жакын айыл чарба техникалары алынып келинген.

1993-жылдан 2021-жылга чейин республикага 15 миңден ашуун айыл чарба техникалары алынып келинген, анын ичинен лизинг долбоорлору аркылуу 5 млрд. сомго 3281 даана техника берилген.

Ал эми 2021-жылдан тартып өлкөгө жалпы 20 миңден ашык айыл чарба техникалары ташылып келинсе,  мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу 10,4 млрд. сомго 3 миңден ашык техника алып келинген. 2024-жылдын алгачкы айларында 1,9 млрд. сомго 429 техника берилген.

Республикада акыркы жылдарда айыл чарба техникаларынын санын өсүүсү мамлекет тарабынан жалпы айыл чарбасына, анын ичинен айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн өзгөчө көңүл бөлүнүп, ири көлөмдөгү акча каражаттарынын бөлүнүп жаткандыгынын натыйжасында ишке ашууда.

2024-жылдын аягына чейин мамлекеттик лизинг долбоорлору боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5 млрд. сомго 1400 ашуун айыл чарба техникалары берилүүсү пландалууда.

Show More
Back to top button