Маанилүү жаңылыктар

Жайыт жеринин кыртышынын асылдуу катмарын бузгандарга айып салынат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жеке ишкер жайыт жеринин кыртышынын асылдуу катмарын бузгандыгы аныкталган.

Бул боюнча 2023-жылдын 21-январындагы №25 Токтому менен бекитилген “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибине” ылайык доо коюлду. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде айып пул салынып жана жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилди.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жыл башынан бери республика боюнча  236 текшерүү жүргүзүп, табылган бузуулардын саны 586га жеткен жана жалпы салынган айып пулдун суммасы 1 миллион 706 миң 500 сомду түзгөн.

Show More
Back to top button