Маанилүү жаңылыктар

Кытайга гиласты эскпорттоо боюнча эскерткич

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын (КЭР БББ) ортосундагы “Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу гиластын (чиенин) жаңы мөмөлөрүнө коюлуучу фитосанитардык талаптар жөнүндө” Протоколу менен таанышуу керек (2019-жылдын 13-июнундагы кол коюлган).

2. Экспорттоочу өнөктөш КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынан Кыргызстандан чиенин жаңы мөмөлөрүнө алып кирүүгө уруксат алышы үчүн, КЭРдеги өзүнүн соода өнөктөштөрү менен байланышат.

3. Экспорттоочу чиенин жаңы мөмөлөрүн КЭР БББ http://dzs.customs.gov.cn/dzs/2747042/3995819/ls/index.html сайтында катталган бакчалардан гана экспорттой алат же Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти же анын аймактык башкармалыктарынан бул маалыматты алса болот.

4. Кытай Эл Республикасына экспорттолгон чиенин жаңы мөмөлөрүндө чие чымындарына каршы күрөшүү үчүн муздак дарылоо же фумигациялоо керек. Муздак менен дарылоонун спецификациялары төмөнкүдөй: ички температура 1°C же андан төмөн 16 күн катары менен же 2,1°C же андан төмөн дегенде 21 күн катары менен сакталышы керек. Атайын иштөө процедуралары Протоколдогу 2-тиркемеде көрсөтүлгөн кытай тараптын муздак дарылоо процедураларына ылайык келиши керек.

5. Ар бир таңгак кутучасы орус, кытай жана англис тилдеринде белгилениши керек: “Вывоз в Китайскую Народную Республику – – 输往中华人民共和国 – Export to the Рeoples Republic of China” жана продукциянын аталышын, мамлекетин, чыгарылган жерин, бакчанын идентификациялык кодун, таңгактоочу заводду жана муздак иштетүүчү жабдууларды камтышы керек.

6. Чиенин (гиластын) жаңы мөмөлөрүнүн талаптары менен таанышкандан кийин, экспортер экспортко арыз берүү үчүн Департаменттин жакынкы аймактык башкармалыгына кайрылат. Департаменттин кызматкери, продукцияны өндүрүү, таңгактоо жана муздак иштетүү жерлерин текшерет. Бардык талаптар аткарылгандан кийин фитосанитардык сертификат берилет.

Show More
Back to top button