Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, карантин жана коргоо департаменти тарабынан
лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн 2024-жылдын төрт айында лабораторияларга – 8556 даана үлгү келип түшкөн, алардын ичинен:
- 5318 даана импорттук айыл чарба продукциясынын үлгүлөрү;
- 2731 даана экспорттук айыл чарба продукциясынын үлгүлөрү;
- 123 даана кардарлардын кайрылуулары боюнча үлгүлөрү;
- 33 даана изилдөө иш-чараларынын үлгүлөрү
Лабораториялардын адистери тарабынан карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо үчүн – 24246 экспертиза жүргүзүлгөн.
Изилдөө учурунда импорттук карантинге алынган продукциялардан алынган үлгүлөрдөн төмөнкү карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган: - Борбордук лаборатория тарабынан – сары чырмооктун жана сойломо кекиренин уруктары;
- Ош лабораториясы тарабынан – калифорния калканчасы, Комсток курту, тыт калканчасы, теплицадан келген томат көчөттөрүнүн үлгүлөрүнөн күрөн бырыш томат вирусу,.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялары үстүбүздөгү жылдын төрт айында лабораториялык экспертизалар үчүн -1 849 299 сомдук кызмат көрсөткөн.