2024-жылдын 1-февралына карата (бир ай ичинде) 30 баш асыл тукум кунаажын, 90 баш асыл тукум жылкы республикага алып келинип, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан асыл тукумдуулугун тактаган маалым кат берилди.
Эске салсак, 2023-жылы жалпы 401 баш асыл тукум кунаажын, 770 баш асыл тукум жылкы, эт багытындагы СОВВ-500 породасындагы 59040 даана асыл тукум жөжөлөр республикага алып келинип, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан асыл тукумдуулугун тактаган маалым кат берилди.