
2024-жылдын 24-февралында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (мындан ары – БДЖССУ) өкүлдөрү – доктор Будимир Плавшович жана БДЖССУнун Борбордук Азия боюнча региондук өкүлү, доктор Мереке Тайтубаев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов да катышты.
БДЖССУнун өкүлдөрү Кыргызстанга болгон иш сапарынын максаты – “Экспорттук потенциалда негизги ролду ойногон БДЖССУнун айрым ооруларынын статусун расмий таануу” аталышындагы аймактык эл аралык тегерек столду өткөрүү экенин маалымдашты. Аталган иш-чара 25-февралдан 27-февралга чейин Кыргызстанда өтөт. Ага Борбордук Азиянын, Россиянын жана Кавказ өлкөлөрүнүн Ветеринардык кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле БДЖССУнун эл аралык эксперттери катышат.
Ошондой эле, жолугушууда эл аралык уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандын Ветеринардык кызматынын өнүгүүсүндөгү оң тенденцияны белгилешти.
Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев БДЖССУ – жаныбарлардын ден соолугун коргоодо негизги ролду ойной турганын, өлкөнүн эпизоотиялык бакубаттуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизерин жана бул өз кезегинде экспорттук потенциалды жогорулатуунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө, жаңы эл аралык рынокторду ачууга өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи. Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев БДЖССУнун статусун таануу стандарттарына арналган тегерек стол Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.