
Ирригация багытындагы бардык 498 даана суу кампаларынын долбоордук көлөмү – 1,8 млрд м3 болсо, учурда топтолгон суунун көлөмү – 1,5 млрд м3 түзүп, өткөн жылга караганда 41 млн м3 жогору болууда. 2025-жылга карата 1 млн 22 миң га сугат жерлерин орточо 4-5 жолу сугарууга 7,4 млрд м3 суу берүү пландалды. 2025-жылдын сугат мезгилиндеги суунун жетишсиздигин жөнгө салуу максатында 2024-жылы Министрлик тараптан 626,0 км чарба аралык каналдарда калыбына келтирүү иштери аткарылды. Анын ичинен 93,3 км – оңдоо, 32,7 км – бетондоо, 500,0 км механикалык жол менен тазаланып, 596 гидротехникалык курулмалар, 250 суу өлчөөчү посттор, 115 насостук станциялар, 221 насостук агрегаттарда оңдоп-түзөө иштери аткарылып, 30 насостук агрегат жаңыланып, 11 суу топтоочу курулмаларда жана 150,0 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык жол менен тазалоо иштери аткарылып, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасына өтүү максатында 1484 га сугат аянттарына аталган ыкманы уюштуруу иштери аткарылууда. 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 51 даана ар түрдүү экскаваторлор, 11 даана бульдозер, 8 даана автокран, 42 даана чоң жүк көтөрүүчү автоунаа, 40 даана жеңил жүк көтөрүүчү автоунаа жана 51 даана фронталдык жүктөгүч атайын техникалар иштеп жатат.