
24-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин № 369 Жарлыгы менен «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» Доктринасы бекитилди. Бул документ өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык негиз болуп саналат жана бардык тармактарды, анын ичинде суу ресурстарын, айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын камтыйт. Доктрина табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, агроөнөр жай комплексин инновациялык өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө заманбап технологияларды киргизүү боюнча приоритеттерди аныктайт. Ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоого, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери да өзгөчө орунга ээ. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги төмөнкү багыттар боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууну пландаштырууда: суу ресурстарын туруктуу башкаруу жана ирригациялык системаны модернизациялоо; акылдуу технологияларды колдонуу аркылуу айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу; кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен продукциянын кошумча наркын жогорулатуу; фермерлерди жана агробизнес субъекттерин эл аралык рынокко чыгууга колдоо көрсөтүү. Бул Доктрина Кыргыз Республикасынын улуттук агрардык саясатын түзүү үчүн негиз болуп, заманбап чакырыктарга жооп берип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.