Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга 1178 даана үлгү келип түштү

Карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан аныктоо максатында, 2025-жылдын 18-февралына карата өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга 1178 даана үлгү келип түшкөн, анын ичинен: 

– импорттук карантинге алынган продукциядан 637 даана үлгү; 

– экспорттук карантинге алынган продукциядан 415 даана үлгү; 

– изилдөө иш-чараларынан 8 даана үлгү; 

– кайрылулар боюнча 118 даана үлгү. 

Жалпы лабораториялар 2334 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 2 түр карантиндик зыяндуу организмдер (сары чырмоок, сойломо кекире) казахстандан импорттолуп келген беде уругунан аныкталган. Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 18-февралга карата өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынган продукциядан 91 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 64 даана көчөттөн жана 27 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 235 экспертиза жүргүзүлгөн.

Show More
Back to top button