Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрликте санариптик технологияларды коомдук чөйрөдө жайылтуу маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги санариптештирүү маселелери боюнча маанилүү маектешүүнү өткөрүштү. Ага ведомствонун жооптуу кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик технологияларды коомдук чөйрөдө жайылтуунун жана өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, ошондой эле аларды министрликтин күнүмдүк ишине интеграциялоонун жолдору талкууланды Жолугушуунун соңунда санариптештирүү – бул жаңы технологияларды киргизүү, кызматкерлерден техникалык билимдерди гана эмес, иштөөнүн жаңы ыкмаларын да даярдоону талап кылган маданий өзгөрүүлөр экендиги белгиленди. Министрликтин ар бир кызматкери бул процесске өз салымын кошо алат жана санариптештирүү тармагындагы иштин жыйынтыктары жакынкы арада айкын болот деген ишеним билдирилди.

Show More
Back to top button