Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору ишке кирип, ага 4 млрд сомдон ашуун каражат каралды

2025-жылга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору бекитилди. Бул долбоордун алкагында 4 092 769 440,0 (төрт миллиард токсон эки миллион жети жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз кырк) сомдон кем эмес суммага 10 пайыз чен менен насыя берүү жагы каралган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү “Мал чарбачылыгы”, “Өсүмдүк өстүрүү”, “Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар”, менен алектенгендарге 36 ай, ал эми “Айыл чарба техникаларынын лизинги” мөөнөтү 84 ай. Белгилей кетсек, насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу, 300 000 сомго чейин күрөөсүз негизде, 1 000 000 сомго чейин күрөөнүн негизинде берилет. Ошондой эле, “Мал чарбачылыгы”, багытына 1227,8 млн. сом, “Өсүмдүк өстүрүү” багытына 818,6 млн. сом, “Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” багытына 409,2 млн. сом, “Айыл чарба техникаларынын лизинги” багытына 1637,1 млн. сом каралган.

Show More
Back to top button