Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жазгы ным топтоо сугатын республика боюнча 270 миң га жерди сугаруу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 2025-жылга 500,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 755 гидротехникалык курулмалардын оңдоо, 200 суу өлчөөчү посттордун оңдоо, 91 насостук станциялардын оңдоо, 156 насостук агрегаттын оңдоо, 40 насостук агрегаттын алмаштыруу, 272,0 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделди.

 2025-жылдын 19—февралына карата 83,9 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо иштери аткарылды. Ал эми, 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2025-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2025-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2025-жылдын 10-майына карата бүткөрүлөт. 

Жазгы ным топтоо сугатын республика боюнча 270 миң га жерди сугаруу пландалды, жазгы ным топтоо сугаты 2025-жылдын 1-мартында башталат.

Show More
Back to top button