Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кутурма оорусуна каршы эмдөө жүрүп, эхонококкозго каршы ит-мышыктарга дары берилип жатат

Өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында, республиканын бардык аймагында мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды. Ушул тапта кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршыит-мышыкка дары берилип жатат.

Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат. Себеби бул баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн маанилүү. 

Эскерте кетсек, мал-жандыкты эмдөө жылына республикалык бюджеттен тогуз ооруга каршы сатылып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, сибир жарасы, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттууларарасында). 

Белгилесек, мына ушул зооноздук ооруларды алдын алуу максатында, Ветеринардык кызматтын район, шаардык башкармалыктары тарабынан мектеп окуучуларына атайын ачык сабактар уюштурулуп, эл арасында окутуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button