Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мол түшүм алуу үчүн жыл сайын шабдаалыны бутактарын бутап туруу керек

Шабдаалыны кыркуу. Шабдаалыны кыркуунун башкы милдети—мөмө байлоочу негизги бутактарга жакындатууда жана алардын жылаңач калуусуна жол бербөөдө турат. Шабдаалы өткөн жылы өнүп чыккан бутагында мөмө берет, ошондуктан, мөмө берүү менен бирге жакшы өсүү  үчүн узарып кеткен  бутактар жыл сайын кыскартылып турат. Каптал бутактарды эки бүчүргө кесишет. Жогорку бутактары жемиш байлайт, ал эми төмөн жагында калтырылган эки бүчүрдөн эки бутак өсүп чыгат, алардын жогоркусу узун, төмөнкүсү  кыска кесилет. Мурунку жылы мөмө берген бутактар толугу менен кыркылат. Шабдаалынын дарагы качан картайып жана начар өсүп, майда түшүм бере баштаганда алардын өсүшүн күчтүү жана мөмө беришин калыбына келтирүү үчүн 3-4 жылдык бутактарын кыскартуу керек.

Show More
Back to top button