
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, өткөн жуманын 15-16-февраль күндөрү (ишемби, жекшемби) республиканын бир катар аймактарында азык-түлүк жарманкеси өттү.
Жарманке Чүй, Кызыл-Кыя, Панфилов, Кара-Суу, Жети-Өгүз, Кемин, Ноокат, Каракол, Өзгөн, Ат-Башы, Ысык-Ата, Ала-Бука район, шаарларда уюштурулуп, азык-түлүктүн наркы базар баасынан арзан жана элдин капчыгына күч келбегидей баада коюлду. Мисалы, эттин баасын алсак, Кара-Сууда – кой жана жылкы эти 570 сом, Өзгөн, Чүй жана Ат-Башы райондорунда – уй эти 550 сом, Ноокатта – уй жана жылкы эти 580 сом, Ала-Букада – кой эти 630, уй эти – 580, ал эми жылкынын эти – 530 сомдон сатылды. Картошканын дүң баасы – 50 сом, пияз, сабиз – 20-33 сом, жумуртканын 30 даанасы – 200 сомдон болду.
Мындай жарманке уюштуруунун максат – өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, социалдык маанидеги айыл чарба азыктарына болгон бааны туруктуу кармоо жана жарандарды арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу.







