
Республиканын аймактарындагы үрөнчүлүк чарбалар тарабынан мамлекеттик дотациялоого 2025-жылдын жаздык себүүсүнө сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалдарынын жалпы көлөмү 5724,7 тоннаны түзүүдө. Анын ичинен:
– Жаздык буудай – 1159,5 тонна;
– Жаздык арпа – 4168 тонна;
– Жүгөрү – 140 тонна;
– Пахта – 76,5 тонна;
– Эспарцет – 57 тонна;
– Беде – 30,7 тонна;
– Картөшкө – 93,0 тонна;
Азыркы учурда үрөнчүлүк чарбалар менен айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда мамлекеттик дотация алууга тиешелүү келишимдерди түзүү иштери башталды. Дыйкан жана фермерлер дотациялык, башкача айтканда 30% арзандатуу менен үрөн алуу үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкамалыктарына тиешелүү арызды жазып калтырса болот.
Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Өкмөт 2025-жылдын жазгы себүү үчүн сертификацияланган үрөн материалын сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечим дыйкандарды, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого жана үрөнчүлүк чарбаларда жогорку сапаттагы үрөндөрдү өндүрүүнү стимулдаштырууга багытталган.