Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарбасындагы мамлекеттик ишканалар 2023-жылга салыштырмалуу кыйла жогорку киреше табышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын 2024-жылга карата тапкан кирешелери тууралуу маалымат.


Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтуна караштуу селекциялык жана үрөнчүлук чарбалардын жылдык кирешеси – 6 млн 305 миң 500 сом.
“Кыргыз сорт сыноо станциясы” мамлекеттик ишканасынын кирешеси – 4 млн сом.


Асыл тукум мал чарба жайыт жана тоют Департаментинин “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекттик ишканасынын кирешеси – 25 млн сом.


Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Мамлекеттик ишканаларынын 2024-жылдагы кирешеси – 936 миң 600 сом.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалары 2024-жылы 36 млн 242 миң 100 сом киреше таап, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 30 млн 916 миң 100 сомго көп болгон. 2023-жылы Мамлекеттик ишканалардын кирешеси 5 млн 326 миң сомду түзгөн.


Show More
Back to top button