
Соңку жылдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып келүүдө. Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү пайызы 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингке берилип жатат.
Мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 18,2 млрд. сомго 7118 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2025-жылдын январь айында 402,8 млн сомго 84 техника берилген. 2025-жылы жалпы лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 млрд. сомго 1200 ашык техника берүү пландалууда.
Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат.