Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрдин тапшырмасы менен аймактарда азык түлүк жарманкелери уюштурулуп, Караколдо социалдык аянтча ачылды

Өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун сактоо, социалдык маанидеги айыл чарба товарларына болгон бааны туруктуу кармоо жана жарандарды арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурсттары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, республиканын бир катар райондорунда азык түлүк жарманкелери уюштурулууда. Учурда жарманке Сузак, Өзгөн, Ноокен, Алай, Кара-Кулжа райондорунда өтүп жатат. Мисалы, мында уй эти – 550-600 сомдон, ал эми кой эти 600-630 сомдон коюлду. Ошондой эле министрлик тарабынан айрым аймактардагы базарларда уюштурулган социалдык аянтчалар да иштеп жатат. Бүгүн биринчи жолу Каракол шаарында соц.аянтча уюштурулду. Мында эттин баасы салыштырмалуу арзан баада сатылат. Мисалы, уй эти 550, кой эти – 600 сом болууда.

Show More
Back to top button