![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2025-02-07-at-12.01.21-1.jpeg)
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий – изилдөө институтунун кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча ТоТ өтүп жатат. Кыргызстандагы KOICA агенттигинин алкагында Республикадагы фермерлердин билимин жогорулатуу максатында, Корея Республикасынын Чунгбук улуттук университетинин зоотехния факултетинин професору Чхве Сонгхо институттун илимий кызматкерлерине “Кепшөөчү малдарды тоюттандыру” темасындагы окууну өткөрүп жатат. Бул теманын ичинде “Кепшөөчү малдарды тоюттандыруунун негиздери”, “Сүттү колдонуу жана организмдин өрчүшү”, “Сүт багытындагы уйлардын музоолорун багуу”, “Торпокторду тоюттандыруу” жана башка уйлардын сапатын, багуу шартын жакшыртуу боюнча лекциялар болду. Бул окуунун максаты окуунун соңунда даярдалган тренерлер Республиканын аймагында фермерлердин билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу максатында окууларды жүргүзүшөт.
![](http://new.agro.gov.kg/back_media/news/img/WhatsApp_Image_2025-02-07_at_12.01.21_2.jpeg)
![](http://new.agro.gov.kg/back_media/news/img/WhatsApp_Image_2025-02-07_at_12.01.21_1.jpeg)