![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2025-02-06-at-16.56.27-1.jpeg)
Жалал-Абад жана Ош облустарына картошка баасын турукташтыруу жана калкты колдоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “ КыргызАгрохолдинг” ишканасынын көмөгү менен Жалал-Абад жана Ош облустарына картошканы социалдык баада жеткирүүнү уюштурду. Азыркы учурда аймактарда картошканын дүң баасы 55 сомду түзсө, чекене баасы 60-70 сомго жетти. “Кыргыз Агрохолдинг” менен министрликтин биргелешкен аракетинин натыйжасында картошканын бир килограммы 50 сомдон сатылууда.
Картошканы социалдык баада төмөнкү даректерден алса болот:
– Жалал-Абад, Байзаков көчөсү, Береке базары;
– Ош шаары, Марат Бегиев көчөсү менен Кокумби көч.кесилишиндеги “Момента Ата” базары.
Эске сала кетсек, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын жергиликтүү рыноктордо картошканы сата баштагандан кийин, картошканын баасы төмөндөй баштаган. Бул рынокту каныктырууга жана азыктын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларынын жүрүшүндө мүмкүн болду.